БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
2024-жылдын 25-марты № 34
Баткен шаарынын Кызыл-Дөң аймактык башкармалыгынын СССРдин 60 жылдыгы көчөсүндөгү Тагаева Айканыш Имарбековнанын 688,16 м2 өлчөмүндөгү менчик үйүнүн аймактык зонасын, С-1 “билим берүү, илим, ден соолук, маданият, спорт” зонасына которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 2-пунктуна, “Баткен шаарынын жер пайдалануу жана курулуш куруу эрежелери жөнүндө” 2006-жылдын 29-марттагы №13 Баткен шаардык Кеңешинин токтомунун 22-статьясына өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында Баткен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 11-марттагы №Т-176 катынын, Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 15-марттагы кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарынын Кызыл-Дөң аймактык башкармалыгынын СССРдин 60 жылдыгы көчөсүнүн Тагаева Айканыш Имарбековнанын 688,16 м2 өлчөмүндөгү менчик үйүнүн аймактык зонасын, С-1 “билим берүү, илим, ден соолук, маданият, спорт” зонасына которууга макулдук берүү жөнүндө.
2.Тагаева Айканыштын турак жай жер аянтынына керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жасап берүү жагы Баткен шаарынын мэриясына тапшырылсын.
3.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Абдамитов Н/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |