Редакцияот 11.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жошолу айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы

 

2023-жылдын 11-майы № 24/3

Жошолу айыл өкмөтүнүн Кара-Токту айылынын тескей тарабындагы көчөсүнө ат коюу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасындагыы географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын боюнча 1998-жылдын 05-мартындагы № 108-токтомунун негизинде Жошолу айыл өкмөтүнүн Кара-Токту айылынын көчөсүнө ат коюу боюнча элдик жыйындын негизинде Жошолу айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жошолу айыл өкмөтүнүн Кара-Токту айылынын элдик жыйынынын  протоколу жактырылсын.

2. Жошолу айыл өкмөтүнүн Кара-Токту айылынын тескей тарабындагы көчө Бердибаев Бактыбек Манапович атындагы көчө болуп аталсын.

3. Ушул кабыл алынган токтомдун негизинде мыйзам чегинде иш алып баруу

жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Жээнбековго милдеттендирилсин ал эми көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Орозбай уулуна тапшырылсын.

 

 

Төрага:

 А.Танаев.