БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
2024-жылдын 25-марты № 35
Баткен шаарынын Чет-Булак АТОсунун аймагындагы социалдык курулуштарды курууга бөлүнгөн 21,0 га муниципалдык жер аянтынан 0,30га жер аянтын “Сүрөтчүлөр союзуна имарат курууга”
макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна, Баткен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 17-январындагы №01-13/92 катынын, Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармасынын 2024-жылдын 28-февралындагы №56 шаар куруу кортундусунун, шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 15-марттагы кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын Чет-Булак АТОсунун аймагындагы социалдык курулуштары курууга бөлүнгөн 21,0 га муниципалдык жер аянтынан 0,30га жер аянтына “Сүрөтчүлөр союзуна имарат курууга” макулдук берилсин.
2.Жер аянтына тиешелүү болгон иш кагаздарын жүргүзүү жагы Баткен шаарынын мэриясына /И.Бурканов/ тапшырылсын.
3.Шаар калкына токтом шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Абдамитов Н/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |