БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
2024-жылдын 25-марты № 36
Баткен шаарынын Кызыл-Дөң АТОсунун тургуну Мурзамитов Айбектин Тамаша-Жай участкасындагы өзү өздөштүргөн 1,0 га жайыт ижара жер аянтынын багытын көп жылдык бак дарактар багытына которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө №145 Мыйзамынын 10-беренесинин 2-пунктуна жана Баткен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 14-марттагы №М-213 катына, Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 15-марттагы корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарынын Кызыл-Дөң АТОсунун тургуну Мурзамитов Айбектин Тамаша-Жай участкасындагы өзү өздөштүргөн 1,0 га жайыт ижара жер аянтынын багытын көп жылдык бак дарактар багытына которууга макулдук берилсин.
2.Мурзамитов Айбектин өзү өздөштүргөн 1,0 га жер аянтына керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жасап берүү жагы Баткен шаарынын мэриясына тапшырылсын.
3.Шаар калкына токтом шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Абдамитов Н/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |