БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
2024-жылдын 25-марты № 38
Баткен шаарынын аймагында Жайыт комитетинин 2023-жылга аткарган иш аракеттери, 2024-жылга жайыт акысы жана иш-чарасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2;5 пункттарына жана Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 19-марттагы отурумунун протоколунун жана корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын Жайыт комитетинин 2023-жылга аткарган жумуштарына берген отчёту кабыл алынсын №1 тиркеме тиркелет
2.Баткен шаарынын Жайыт комитетинин 2024-жылга иш чарасы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.Баткен шаарынын 2024-жылга Жайыт акысы №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4.Шаар аймагындагы жайыттарга 2024-жылдын 20-майынан мал алып чыгууга макулдук берилсин.
5.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты жана социалдык баракчасы аркылуу жеткирилсин.
6.Токтом мамлекеттик реестирге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
7.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Абдамитов Н/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |
Тиркеме №1
Баткен шаардык ЖПБнын 2023-жылда аткарган жумуштары боюнча отчету
2023-жылда Баткен ЖПБга 480 000сом акча каражат түшкөн
- башка максатка пайдалануудан – 120 000сом
- Жайыт акыдан – 360 000 сом
Кеткен чыгымдар
- Айлык акыга – 164 900 сом
- Соц фондко – 15 000сом
- транспортко – 70 000 сом, тракторга күйүүчү, майлоочу май, камера, Тиш ковщ, шипцыж.б.
- Инфраструктурага – 230
- Кык инфра-ра – 100 000, Туз-бел жолун сурууго – 80 000сом, колмолорду тазалоо – 20 000сом
- Рават-Жакып – 50 000сом, 1000м. шланга, 30 хомут, 500кг цемент
- Рават-Жакып – 30 000 сом 2 жолу жол сүрүү 12 км
- Жалпы жайыттарга баруу, рейд жүргүзүүгө – 25 000сом
- Жалпы 2023-жылда - 205 000 сом Баткен ЖПБнын инфратруктурасына, эмгек акы, соц фонд ж.б. чыгымдалган.
Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2009-жылдын 19-июнундагы №386 токтомунун негизинде Баткен шаарына караштуу жайыттарды пайдалануу үчүн мал башына акы төлөөнүн тартиби
№ | Малдын түрү | Шарттуу саны |
1 | Чоң бодо мал | 1 |
2 | Жаш бодо мал | 0,7 |
3 | Кой-эчки | 0,2 |
4 | Жылкы | 1 |
Баткен шаарында жалпы 4324,0гектарга барабар болгон жайыт жери бар анын 4324,0 гектар жеринен 500 000сом алууну пландаштырууда, башкача айтканда ар бир гектарынан 115,60 сомдон.
Малдын түрүн «Мал башынын шарттуу санына» айландыруу төмөнкү схема боюнча аныкталат.
№ | Малдын түрү | Саны | Которуу коэффициенти | ШМБ |
1 | Чонбодо мал, жаш бодо мал | 1955 | 1 | 1955 |
2 | Кой-эчки, козу-улак | 4442 | 0,2 | 4442 |
3 | Жылкы | 60 | 1 | 60 |
| жалпы |
|
|
|
Мал башынын шарттуу саны: Жайыт пайдалануу үчүн төлөмдүн кошулган максаттуу кирешени «Мал башына шарттуу санына» бөлүү аркылуу аныкталат.
Жайыт пайдалануу үчүн малдын түрлөрү боюнча төлөмдү кайра эсептөө жайыт пайдалануу үчүн «шарттуу малдын» мал коэффициентине көбөйтүү аркылуу төмөнкүдөй схема боюнча жүргүзүлөт.
№ | Малдын түрү | Саны | Жайыт пайдалануу үчүн төлөм (сом) |
1 | Чонбодо мал, жашбодо мал | 1 | 150 |
2 | Кой-эчки, козу-улак | 0,2 | 30 |
3 | Жылкы | 1 | 150 |
Жайыткомитетинетушуучуакча:
№ | Малдын туру | Саны | Жайыт пайдалануу үчүн төлөм (сом) | Жалпы суммасы (мин.сом) |
1 | Чонбодо мал, жашбодо мал | 1655 | 141 | 233 355 |
2 | Кой-эчки, козу улак | 4191 | 28,2 | 118 185 |
5 | Жылкы, эшек жана топоздорго | 60 | 141 | 8 460 |
| Жайытты башка максатка пайдалануу | 16 га | 5000 | 80 000 |
| Антенна | 12ай | 5000 | 60 000 |
| Жалпы |
|
| 500 000 |
Жайыт жер салык төлөмү:
Жайыттын жалпы аянты 4324,0га
Баткен шары боюнча жайытка болгон жер салыгынын базалык ставкасы 15сомду түзөт. Шаарга 50% женилдик,ошондо 1га жайыттын жер салыгы7,5сомду түзөт.
Эсептөө 4324,0гаХ7,50сом=32430сом суммадагы жер салыгы төлөнөт.
32 430 : 3633 ШМБ = 9 сом.
№ | Малдын түрү | Шарттуу саны | 1 башка жайыт жер салыгы (сом) |
1 | Чонбодо мал, жаш бодо мал | 1 | 9 |
2 | Кой-эчки, козу улак | 0,2 | 1,80 |
3 | Жылкы | 1 | 9 |
Малдын туру боюнча жайытты пайдалануу жана жер салыгы үчүн төлөмдү каттоо жана 2021-жылга малдын түрүнө, мал башына коюулган жайыт акы
№ | Малдын түрү | 1 башка жайыт үчүн төлөм (сом) | 1 башка жайыттын жер салыгы үчүн төлөм | 1 башка жалпы төлөм (сом) |
1 | Чонбодо мал, жашбодо мал | 141 | 9 | 150 |
3 | Кой-эчки, козу-улак | 28,2 | 1,80 | 30 |
5 | Жылкы | 111 | 9 | 150 |