Редакцияот 25.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы

 

2024-жылдын 25-марты № 39

Баткен  шаарынын  Базар-Башы  аймактык  башкармалыгынын   Жибек-Жолу көчөсүндөгү №6 Жумабаев Таттыбектин  1876,0  м2 өлчөмүндөгү менчик үйүнүн аймактык зонасын,   Ц-2 “жергиликтүү коммерциялык активдүүлүк жана кызмат көрсөтүү” зонасына которууга макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы  №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 2-пунктуна, “Баткен шаарынын жер пайдалануу жана курулуш куруу эрежелери жөнүндө” 2006-жылдын 29-марттагы №13 Баткен шаардык Кеңешинин токтомунун 22-статьясына өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында   Баткен шаарынын  мэриясынын 2024-жылдын 12-марттагы №Ж-196  катынын,    Баткен шаардык Кеңешинин  Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын            15-марттагы    кортундусунун  негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги   XXIII сессиясы Токтом кылат:

 

1. Баткен  шаарынын   Базар-Башы аймактык  башкармалыгынын   Жибек-Жолу көчөсүндөгү №6 Жумабаев Таттыбек 1876,0  м2 өлчөмүндөгү менчик үйүнүн аймактык зонасын,   Ц-2  “жергиликтүү коммерциялык активдүүлүк жана кызмат көрсөтүү” зонасына которууга макулдук берилсин.

2.Жумабаев Таттыбектин    жер аянтынына  керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жасап берүү жагы Баткен шаарынын мэриясына тапшырылсын.

3.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү  үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Абдамитов Н/ тапшырылсын.

 

 

 

Төрага

А.Аширов