Редакцияот 12.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

А.Масалиев атындагы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХХI сессиясынын

 

2024-жылдын 12-апрели № 31/1

    А.Масалиев айыл өкмөтүнүн балансындагы айыл чарба багытындагы 104.0 га жер аянтын аукционго берүү жөнүндө

 

А.Масалиев айылдык кенешинин мыйзамдуулук жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссияларынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык кенештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн балансындагы 104.0 га жер аянты аукцион аркылуу 5 жылдык мөөнөт менен ижарага берилсин.
  2.  Ижарага берилүүчү жер аянттын 20.0 га жер аянты айыл аймактагы аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөргө берилсин.
  3. Айыл аймакта жерге болгон муктаждык көп болгондугуна байланыштуу ар бир лот 0,50 га дан деп белгиленсин. Ар бир лоттун баштапкы баасы 10000 (он миң) сомдон деп белгиленсин.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

Төрага

 

Т.Галботоев