А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев атындагы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХХII сессиясынын
2024-жылдын 18 апрели № 32/1
Абсамат Масалиев атындагы айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Баткен облусунун Кадамжай районунун А.Масалиев айыл аймагынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Абсамат Масалиев атындагы айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып жана талкуулап А.Масалиев айылдык кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Абсамат Масалиев атындагы айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Абсамат Масалиев айылдык кеңешинин төрагасына жана Абсамат Масалиев айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
3. Токтомдун көчүрмөсү Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага |
Т.Галботоев |