КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXVIII сессиясы
2024-жылы 22-апрели № 22
“Алты-Адыр таза суу муниципалдык ишканасына” каражат бөлүп берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин Экономика-финансы, бюджет, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде тамчылатып сугаруу менен бак өстүрүү долбоорун колдоо максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- “Алты-Адыр таза суу муниципалдык ишканасына” Кара-Бак айыл аймагынын Алты-Адыр жаңы конушуна тамчылатып сугаруу менен бак өстүрүү долбоорун колдоо максатында 1500,0 миң сом акча каражатын Зардалы айылына көпүрө үчүн бөлүнгөн акча каражаттарынан бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Экономика-финансы, бюджет, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы: |
Ж.Шадиманова |