КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXVIII сессиясы
2024-жылы 22-апрели № 25
Жер аянтын убактылуу пайдаланууга берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кызыл-Бел айылынын түштүк тарабындагы 21,036 га жер аянтын насостук станция куруп, тамчылатып суугаруу үчүн пайдаланууга берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кызыл-Бел айылынын түштүк тарабынан насостук станция курууга жана труба койула турган корголуучу жерлери менен 6,917 га, тамчылатып сугаруу үчүн 14,119 га жалпы 21,036 га жер аянтынын убактылуу пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы: |
Ж.Шадиманова |