МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXV сессиясы
2024-жыл 04-апрели №9
«“Ак Жол” Момбеков муниципалдык ишкананын таза суу менен камсыздоо тарифин бекитүү жөнүндө»
“Ак Жол” Момбеков муниципалдык ишкананын жетекчиси Т Стамбаевдин таза суу менен камсыздоо тарифин бекитүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын 24-сессиясы токтом кылат:
1. “Ак Жол” Момбеков муниципалдык ишкананын таза суу менен камсыздоо тарифи төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
1) Көчө чордондорунан суу керектөө - 33 сом
2) Короодогу крандандан суу керектөө – 66 сом
3) Мончого - 808 сом
4) Магазин - 55 сом
5) Коомдук тамактануу ишканалар - 110 сом
2. Жогорудагы бекитилген баа менен иш алып баруу жагы “Ак Жол” Момбеков муниципалдык ишкананын жетекчиси Т Стамбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына “Ак Жол” Момбеков муниципалдык ишкананын жетекчиси Т Стамбаевдин жүктөлсүн.
Момбекова айылдык кеңешинин төрагасы: |
И.Абдыразак уулу |