Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

БАЛЫКЧЫ  ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVIII  ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН

XXV  СЕССИЯСЫ

2024-жылдын 18-мартындагы № 5/1 

 

Балыкчы шаар мэриясынын Уставын

жокко чыгаруу жөнүндө 

 

          Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29- декабрындагы №370 Кыргыз Республикасынын айылдык аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү  жөнүндө Жарлыгынын негизинде  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 7.02.2024-ж №52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү  өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу  иштери боюнча мамлекеттик  агенттиктин № 01-25/77 06.03.2024-ж. жергиликтүү  өз алдынча  башкаруу органдарына юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн типтүү  жобосунун негизинде Балыкчы шаар мэриясына айыл аймагы кошулгандыгына байланыштуу Балыкчы шаар мэриясынын №01-18/958 14.03.2024-жылдагы  кайрылуусунун негизинде депутаттардын макулдугунун негизинде карап, талкуулап Балыкчы шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1.                   Балыкчы шаардык кеңешинин XXII чакырылышынын XIX сессиясынын 17-январь 2002-жылдагы “Балыкчы шаарынын Уставын бекитүү жөнүндөгү”  №9 токтому жокко чыгарылсын.

2.                   Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу  иштери боюнча мамлекеттик  агенттиктин № 01-25/77 06.03.2024-ж. жергиликтүү  өз алдынча башкаруу  органдарына юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөрүү боюнча типтүү  жобосунун негизинде биргелешкен шаар мэриясынын Уставын кайра каттоодон өткөрүүгө сунушталынсын.

3.                   Кабыл алынган токтом  “Балыкчы” газетасына жарыялансын.

4.                   Балыкчы  шаардык Кеңешинин мамлекеттик  тилде кабыл алынган  тийиштүү ченемдик укуктук актысы  Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өтүү жагы суралсын.

5.                   Мамлекеттик  кайра  каттоо жөнүндөгү  чечимде, андагы  көрсөтүлгөн маалыматтардын  анык  экендиги жана  мыйзамда  белгиленген учурларда  юридикалык  жакты кайра  каттоо  маселелери тийиштүү  мамлекеттик  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары  менен  макулдашылгандыгын  ырастайт.

6.                   Кабыл алынган токтом “Балыкчы” газетасына жарыялансын..

7.                   Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Балыкчы шаардык кенешинин социалдык өнүгүү, укук коргоо жана мыйзамдуулукту сактоо маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссияга жана Балыкчы шаар мэриясынын аппарат жетекчиси – А. Т. Калыковго тапшырылсын.

Кеңештин төрагасы                                                                          Ж.М. Абдразаков