КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2024-жыл 25-марты №3
“Кетмен-Дөбө айылдык кенешинин Типтүү регламентин бекитүү жөнүндө.»
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 12-сентябрындагы № 112 буйругу менен бекитилген “Айылдык кенешинин типтүү регламентине” ылайык жаңыртуу боюнча угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы токтом кылат:
1.Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин типтүү регламенти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 12-сентябрындагы № 112 буйругу менен бекитилген Типтүү регламентке ылайык бекитилсин. (регламент тиркелет)
2.Бекитилген Типтүү регламенттин негизинде иш жүргүзүү айылдык кеңешине милдеттендирилсин.
3.Бул токтом www.ketmen-dobo.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрайым: |
А.К.Жумалиева |