КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2024-жыл 25-марты №4
“Кетмен-Дөбө айылдык кенешинин Убактылуу Жобосун бекитүү
жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 4-мартындагы №01-25.77 буйругу менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн убактылуу жобосуна” ылайык бекитүү боюнча угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы токтом кылат:
1.Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн Убактылуу Жобосу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 01-25.77буйругу менен бекитилген айыл өкмөттөрүнүн Убактылуу Жобосуна ылайык Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн Убактылуу Жобосу бекитилсин. (айылдык кенештин убактылуу жобосу тиркелет. )
2.Бекитилген айылдык кенештин Убактылуу Жобосунун негизинде иш жүргүзүү айылдык кенешке милдеттендирилсин.
3.Бул токтом ketmen-dobo.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрайым: |
А.К.Жумалиева |