АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Алга айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 2- сессиясы
2024-жылдын 7-марты № 6
Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Кыргыз-Кыштак, Кайтпас, Бүргөндү ОПХ, Бүргөндү ПМК, Кожокорум, Ак-Тилек жана Умай-Эне айылдарынын тамарка жер жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн (Кз) зоналык коэффициент өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Молдо Нияз айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселе боюнча мурдагы Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн салык бөлүмүнүн башчысы Т.Досатовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Молдо Нияз айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Кыргыз-Кыштак, Кайтпас, Бүргөндү ОПХ, Бүргөндү ПМК, Кожокорум, Ак-Тилек жана Умай-Эне айылдарынын тамарка жер жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалануудагы жер аянттарынын (Кз) зоналдык коэффициенти салык кодексинин 404-беренесине ылайык, 1,5 өлчөмдө бекитилсин.
- Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Кыргыз-Кыштак, Кайтпас, Бүргөндү ОПХ, Бүргөндү ПМК, Кожокорум, Ак-Тилек жана Умай-Эне айылдарынын айыл чарбасы багытында эмес жерлердеги, пайдаланылбай жаткан жер аянттарынын баштапкы (Кз) зоналдык коэффициенти 1,5өлчөмүндө бекитилсин.
- Үй-жанындагы короо жай багбанчылык-чарбак жер участокторуна (тамарка) салык кодексинин 298-беренесинин негизинде 1 сотикке 15 сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Салык кодексинин 411 беренесине негиз төмөнкү катергориядагы жарандарга тамарка салыгынан 0,15 га чектик өлчөмүндө жеңилдиктер колдонулсун:
- Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучулары, мамлекеттер аралык макулдашуулар боюнча Афганистандагы жана башка өлкөлөрдөгү согушка катышкан аскер кызматчылары, Чернобыль АЭСиндеги аварияны жоюууга катышкандар, ошондой эле бала чагынан майыптар, I жана II топтогу майыптар;
- Кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон же дайынсыз жок болгон аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү, анын ичинде эрезге жеткенге чейинки балдары;
- Пенсия курагына жеткен Кыргыз Республикасынын жараны;
- Эргезге жете элек 4 жана андашык балдары бар жеке адам.
- Молдо Нияз айыл аймагындагы ар бир кожолуктан алынуучу таштанды чыгаруу үчүн жыйымы жылына 100 сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Комерциялык багыттагы ишканалардын кызматкерлери үчүн таштандыларды чыгаруу үчүн жыйым киши башына жылына 100 сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Зоналык коэффициент өлчөмүн белгилөө боюнча мыйзам чегинде талап кылынуучу жумуштарды аткаруу жагы Алга айыл өкмөтүнүн башчысы Х. Досановго милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айылдык кенешинин Экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Машрапов |
|
|