АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Алга айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 2- сессиясы
2024-жылдын 7-марты № 5
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл Өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Кыштак айылынын түштүк тарабына социалдык объект курууга 2,50 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери“ (социалдык объект) категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө.
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл Өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Кыштак айылынын түштүк тарабына социалдык объект курууга 2,50 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери“ (социалдык объект) категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
- Молдо Нияз айыл аймагынын айыл Өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Кыштак айылынын түштүк тарабына социалдык объект курууга 2,50 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери“ (социалдык объект) категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
- Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын Молдо Нияз айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн башчысы Х. Досановго тапшырылсын.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айылдык кеңешинин жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү, архиткетура-курулуш, транспорт жана экология, тоо кен байлыктары боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Машрапов |
|
|