АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Алга айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 3- сессиясы
2024-жылдын 18-апрели № 7
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө
Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселе боюнча Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 12-майындагы № 59 “Бюджеттик Кодексинин” негизинде түзүлүп, айылдык кеңештин бюджет жана экономика комитетинде каралып, талкуулангандыгын эске алып, экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы Т. Хамралиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жыл 29-декабрындагы № 370 “Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде административдик аймактык реформа жөнүндөгү” жарлыгынын 1 тиркемесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 7-февраль 2024-жылдагы №52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” Токтомунун 3 пунктунун 1 подпунктун негизинде Алга айыл өкмөтү, Кыргыз Кыштак айыл өкмөтү жана Совет айыл өкмөтү биригип, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтү болуп аталгандыктан, жогоруда аталган айыл өкмөттөрдүн эсебинде 1-апрель 2024-жылга карата калган жергиликтүү кирешелер жана чыгашалардын калдыктары эсебинен Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджети 38891,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Алга айыл өкмөтү, Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтү жана Совет айыл өкмөттөрүнүн 2024-жылга бекитилген бюджетинде каралган киреше жана чыгашалар өзгөртүүсүз Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетине бириктирилип, бекитилген беренелер боюнча чыгымдар жумшалсын.
3. Чыгымдарды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын социалдык фондуна чегерүүлөр) жүргүзүлөт.
- Чыгашалар боюнча корголгон беренелерге каралган каражаттар штаттык бирдиктер жана нормативдик актылар өзгөргөндө өзгөрүүсү мүмкүн.
- Бекитилген каражаттар казыналык бөлүмүнөн айланып өтүү жолу менен пайдаланууга тыюу салынсын.
- Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х. Досановго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | К.Машрапов |
|
|