АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Алга айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 3- сессиясы
2024-жылдын 18-апрели № 7/2
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн экономист-статист кызматы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 19.12.2014-жылдагы №715 токтомунун негизинде статистикалык маалыматтарды жыйноо,тапшыруу боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү боюнча Кадамжай райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Алга айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишим жөнүндөгү экономика-каржы бөлүмүнүн башчысы Т.Хамралиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 19.12.2014-жылдагы №715 токтомунун негизинде статистикалык маалыматтарды жыйноо, тапшыруу боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү боюнча Кадамжай райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишим бекитилсин.
2. Келишимдеги милдеттенмелерди көрсөтүлгөн шарттарда жана мыйзамдын чегинде аткаруу жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х. Досановго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | К.Машрапов |
|
|