Редакцияот 18.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алга айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 3- сессиясы

 

2024-жылдын 18-апрели № 7/3

Молдо Нияз  айыл өкмөтүндө Калкты каттоо департаментинин айрым ыйгарым укуктарын аткаруучу кызматкери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн  19.12.2014-жылдагы  №715 токтомунун негизинде  Калкты каттоо департаментинин айрым ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү Министрлиги менен Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишим жөнүндөгү  экономика-каржы бөлүмүнүн  башчысы Т.Хамралиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Молдо Нияз айыл аймагынын  айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн  19.12.2014-жылдагы  №715 токтомунун негизинде  Калкты каттоо департаментинин айрым ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү Министрлиги менен Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келиши бекитилсин.

2.     Келишимдеги милдеттенмелерди көрсөтүлгөн шарттарда жана мыйзам чегинде  аткаруу жагы Молдо Нияз айыл аймагынын  айыл  өкмөтүнүн башчысы Х. Досановго милдеттендирилсин.

3.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын   айылдык кеңештин экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча  туруктуу комиссиясына тапшырылсын

Тѳрага

К.Машрапов