АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Алга айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 3- сессиясы
2024-жылдын 18-апрели № 7/4
“Кыргыз-Кыштак” жана “Умай-Эне” айылдарында АРИС уюму менен аткарылып жаткан долбоор жөнүндө
Элдин турмуш шартын оңдоо жана элдин ден-соолугуна кам көрүү максатында “Кыргыз-Кыштак” жана “Умай-Эне” айылдарындагы элди таза-суу менен камсыздоо максатында АРИС уюму менен биргеликте аткарылып жаткан долбоордогу жумуштардын сапаттуу аткарылышын көзөмөлдөө максатында, техникалык көзөмөлдөөчү адис кызматын сатып алуу зарылчылыгы келип чыгууда. Ушул маселени угуп жана талкуулап Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- “Кыргыз-Кыштак” жана “Умай-Эне” айылдарындагы элди таза-суу менен камсыздоо максатында АРИС уюму менен биргеликте аткарылып жаткан долбоордогу жумуштардын сапаттуу аткарылышын көзөмөлдөө максатында техникалык көзөмөлдөөчү адис кызматын сатып алууга уруксат берилсин.
- Техникалык көзөмөлдөөчү адис кызматын сатып алуу боюнча керектүү иш аракеттерди мыйзам чегинде жүргүзүү, аталган чыгымдар 2024-жылкы бюджетте каралбагандыгын эске алып, каржылоо булактарын тактап, бюджетке тийешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн айылдык кеңешке сунуштоо айыл өкмөтүнүн башчысы Х.Досановго милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлддөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Машрапов |
|
|