АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Алга айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 3- сессиясы
2024-жылдын 18-апрели № 7/6
Ош-Раззаков автожолунун Молдо Нияз айыл аймагындагы бөлүгүнүн кириш жана чыгыш жерлерине айыл аймактын аталышы жазылган пано орнотуу жөнүндө
Ош-Раззаков автожолунун Молдо Нияз айыл аймагындагы бөлүгүнүн кириш жана чыгыш жерлерине айыл аймактын аталышы жазылган пано орнотуу боюнча маселени угуп жана талкуулап Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ош-Раззаков автожолунун Молдо Нияз айыл аймагындагы бөлүгүнүн кириш жана чыгыш жерлерине айыл аймактын аталышы жазылган пано орнотууга уруксат берилсин.
- Айыл аймактын аталышы жазылган пано орнотуу боюнча керектүү иш аракеттерди мыйзам чегинде жүргүзүү Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.Досановго милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Машрапов |
|
|