Редакцияот 18.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алга айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 3- сессиясы

 

2024-жылдын 18-апрели № 8

 Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берүү жөнүндө

Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү уюштуруу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө” №735 токтомун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы «Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө» №52 токтомун ишке ашыруу максатында Молдо Нияз айыл аймагынын айыл айыл өкмөтүнүн сунушун карап, талкуулап Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши

                

                                         ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында Молдо Нияз муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берилсин.
  1. Муниципалдык ишкана  мыйзам чегинде түзүү, уставын бекитүү, мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х. Досановго милдеттендирилсин.
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Тѳрага

К.Машрапов