Редакцияот 18.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алга айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 3- сессиясы

 

2024-жылдын 18-апрели № 10

Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Кыштак айылынын түштүк тарабынан турак жай курууга 200,0 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери“ категориясына которууга  (трансформациялоого) макулдук  берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу” (трансформациялоо) жөнүндө 2013-жылдын 15-июлундагы  №145-мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169-токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” убактылуу Жобонун талаптарына  ылайык

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13, 17-беренелерине жана Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын 2024-жылдын 5-апрелиндеги № 01-13/1633 сандуу корутундусуна негиз, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү Кыргыз-Кыштак айылынын түштүк тарабынан турак жай курууга 200,0 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери“ категориясына которууга  (трансформациялоого)  макулдук  берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.     Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Кыштак айылынын түштүк тарабынан жалпы аянты 200,0 га жер (мурдакы Орозбеков совхозунун 1993-жылындагы №4690 контурларды эсептөө дело материалына ылайык) жалпы аянты 200,0 га жер, анын ичинен №696-контурундагы 5,10 га жер аянты таштуу жайыт жер, №697-контурундагы 62,4 га жер аянты таштуу жайыт жер, №695`-контурундагы 40,60 га жер аянты таштуу жайыт жер, №697`-контурундагы 24,90 га жер аянты таштуу жайыт жер, №697а-контурундагы 35,0 га жер аянты таштуу жайыт жер, №811-контурундагы 6,80 га жер аянты башка жер (галечник) жана 811`-контурундагы 0,20 га жер аянты башка жер, жалпы 200,0 га мамлекеттик менчиктеги жер аянтын жеке турак үйлөрдү куруу үчүн   “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин (4 баракта тиркемеси тиркелет) 

2.     Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткарылышы Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы  Х.Досановго милдеттендирилсин.

3.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү, архиткетура-курулуш, транспорт жана экология, тоо кен байлыктары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Тѳрага

К.Машрапов