Редакцияот 18.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алга айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 3- сессиясы

 

2024-жылдын 18-апрели № 10/3

Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алга айылынын Ош-Баткен авто жолунун түштүк тарабындагы 60,0 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга  (трансформациялоого) макулдук  берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу” (трансформациялоо) жөнүндө 2013-жылдын 15-июлундагы №145-мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169-токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” убактылуу Жобонун талаптарына  ылайык, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13, 17-беренелерине жана   Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын 2024-жылдын 23-апрелиндеги № 01-13/1836 сандуу корутундусуна негиз,  Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу  Алга айылынын Ош-Баткен авто жолунун түштүк тарабындагы өнөр жай аймагын курууга 60,0 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга  (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алга айылынын Ош-Баткен авто жолунун түштүк тарабындагы жалпы аянты 60,0 га жер (мурдагы XXI Партсьезд колхозунун 1993-жылындагы №14191 контурларды эсептөө дело материалына) ылайык суралган жалпы аянты 60,0 га жер аянты анын ичинен: №769-контурдагы 13,0 га, №778-контурундагы 7,60га, №779-контурундагы 2,0 га, № 514``-контурундагы 4,90 га. №513`-контурундагы 14,8 га, №769`-контурдагы 0,90 га. №769``-контурдагы  5,60 га, №769```-контурдагы 3,50 га, №777``-контурдагы 2,64 га жер аянттары таштуу жайыт жерлер. №768``-контурдагы 0,15 га. №768-контурдагы 0,65 га, №777```-контурдагы 0,15 га, №774-контурдагы 0,35 га, №773-контурдагы 0,35 га, №772-контурдагы 0,30 га, №771-контурдагы 0,10 га, №516-контурдагы 1,15 га, №514`-контурдагы 0,23 га жер аянттары башка жерлер ( галечник), жалпы 60,0 га мамлекеттик менчиктеги жер аянтын Өнөр жай аймагын куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин (10 баракта тиркемеси тиркелет) 

2.     Токтомдун мыйзам чегинде  аткарылышын Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  башчысы  Х.Досановго милдеттендирилсин.

3.     Ушул токтомдун көзөмөлдөө жагы  Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү, архиткетура-курулуш, транспорт жана экология, тоо кен байлыктары боюнча  туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

Тѳрага

К.Машрапов