Редакцияот 18.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алга айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 3- сессиясы

 

2024-жылдын 18-апрели № 10/4

Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алга айылынын Ош-Баткен авто жолунун түштүк тарабындагы 60,0 га жер аянтынын өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө

Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алга айылынын Ош-Баткен авто жолунун түштүк тарабындагы 60,0 га жер мамлекеттик менчиктеги жер аянтына өнөр жай аймагын куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка багыттагы жерлери” категориясына которулуп (трансформацияланып) жаткан  60,0 га жер аянтынын өнүгүү программасын бекитүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши

                                                

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алга айылынын Ош-Баткен авто жолунун түштүк тарабындагы 60,0 га жер аянтына өнүгүү программасы бекитилсин.
  1. Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  башчысы Х.Досановго милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Молдо Ниязх айыл аймагынын айылдык кеңешинин жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү, архиткетура-курулуш, транспорт жана экология, тоо кен байлыктары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Тѳрага

К.Машрапов