Редакцияот 18.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алга айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 3- сессиясы

 

2024-жылдын 18-апрели № 10/5

Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алга айылынын Ош-Баткен авто жолунун түштүк тарабындагы 60,0 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка багыттагы жерлери” категориясындагы жер тилкелеринин  генералдык планын бекитип берүү жөнүндө

Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алга айылынын Ош-Баткен авто жолунун түштүк тарабындагы 60,0 га жер аянтынын  генералдык планын бекитип  берүү маселелерин угуп жана талкуулап,  Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер комиссиясынын протоколдук чечимине негиз,  Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши

                                                

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алга айылынын Ош-Баткен авто жолунун түштүк тарабындагы мамлекеттик менчиктеги жер аянтынан өнөр жай аймагын куруу үчүн   “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка багыттагы жерлери” категориясына которулуп (трансформацияланып) жаткан  жалпы 60,0 га жер аянтынын генералдык планы бекитилсин.
  1. Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алга айылынын Ош-Баткен авто жолунун түштүк тарабындагы которулуп (транформацияланып) жаткан  60,0 га жер аянты муниципалдык менчикке алынып, мамлекеттик акт даярдалсын.
  1. Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткарылышы айылдык кеңешинин депутаттарынан түзүлгөн комиссия мүчөлөрүнө  жана Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү, архиткетура-курулуш, транспорт жана экология, тоо кен байлыктары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Тѳрага

К.Машрапов