Редакцияот 18.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алга айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 3- сессиясы

 

2024-жылдын 18-апрели № 10/6

Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Кыштак айылынын түштүк тарабынын Ош-Баткен авто жолунун түндүк тарабындагы 50,0 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга  (трансформациялоого) макулдук  берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу” (трансформациялоо) жөнүндө 2013-жылдын 15-июлундагы №145-мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169-токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” убактылуу Жобонун талаптарына  ылайык, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13, 17-беренелерине жана   Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын 2023-жылдын 15-июнундагы № 01-13/3006 сандуу корутундусуна негиз,  Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү Кыргыз-Кыштак айылынын түштүк тарабынан өнөр жай аймагын  курууга 50,0 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга  (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Кыштак айылынын түштүк тарабынын Ош-Баткен авто жолунун түндүк тарабындагы жалпы аянты 50,0 га жер (мурдакы Орозбеков совхозунун 1993-жылындагы №4690 контурларды эсептөө дело материалына) ылайык суралган жалпы аянты 50,0 га жер аянты анын ичинен: №-732 контурда жайгашкан 30,68 га жер аянты, №741-контурда жайгашкан 17,04 га жер аянттары жайыт жерлер, №740-контурда жайгашкан 2,28 га жер аянты кургак сай, жалпы 50,0 га мамлекеттик менчиктеги жер аянтын Өнөр жай аймагын курнуу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин (2 баракта тиркемеси тиркелет) 

2.     Ушул токтомдун мыйзам чегинде  аткарылышын Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  башчысы  Х.Досановго тапшырылсын.

3.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү, архитектура-курулуш, транспорт жана экология, тоо кен байлыктары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Тѳрага

К.Машрапов