Редакцияот 18.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алга айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 3- сессиясы

 

2024-жылдын 18-апрели № 10/7

Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Кыштак айылынын түштүк тарабынын Ош-Баткен авто жолунун түндүк тарабындагы 50,0 га жер аянтынын өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө

Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Кыштак айылынын түштүк тарабынын Ош-Баткен авто жолунун түндүк тарабындагы 50,0 га жер мамлекеттик менчиктеги жер аянтына өнөр жай аймагын куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка багыттагы жерлери” категориясына которулуп (трансформацияланып) жаткан  50,0 га жер аянтынын өнүгүү программасын бекитүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши

                                                

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Кыштак айылынын түштүк тарабынын Ош-Баткен авто жолунун түндүк тарабындагы 50,0 га жер аянтына өнүгүү программасы бекитилсин.
  1. Ушул токтомдун мыйзам чегинде  аткарылышын  Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы  Х. Досановго тапшырылсын.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин  жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү, архитектура-курулуш, транспорт жана экология, тоо кен байлыктары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Тѳрага

К.Машрапов