Редакцияот 18.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алга айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 3- сессиясы

 

2024-жылдын 18-апрели № 10/9

Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Кыштак

айылынын түштүк тарабынан социалдык объект курууга 2,50 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери“ (социалдык объект) категориясына которууга  (трансформациялоого)

макулдук  берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу” (трансформациялоо) жөнүндө 2013-жылдын 15-июлундагы №145-мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169-токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” убактылуу Жобонун талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13, 17-беренелерине жана   Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын 2023-жылдын 15-июнундагы № 01-13/3006 сандуу корутундусуна негиз,  Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү Кыргыз-Кыштак айылынын түштүк тарабынан социалдык объект курууга 2,50 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери“ (социалдык объект) категориясына которууга  (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.     Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Кыштак айылынын түштүк тарабынан жалпы аянты 2,50 га жер (мурдакы Орозбеков совхозунун 1993-жылындагы №4690 контурларды эсептөө дело материалына) ылайык суралган №693-контурундагы 2,50 га жер аянты жайыт жер, жалпы 2,50 га мамлекеттик менчиктеги жер аянтын социалдык объект куруу үчүн   “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” (социалдык объект) категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин (3 баракта тиркемеси тиркелет) 

2.     Токтомдун мыйзам чегинде  аткарылышын Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  башчысы  Х.Досановго милдеттендирилсин.

3.     Ушул токтомдун көзөмөлдөө жагы  Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешнин жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү, архиткетура-курулуш, транспорт жана экология, тоо кен байлыктары боюнча  туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Тѳрага

К.Машрапов