Редакцияот 20.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXXXV сессиясы

 

2024-жыл 20-март №45/1

 

“Көк-Жаңгак шаардык кеңештин убактылуу жобосун бекитүү жөнүндө”

 

            Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары угуп карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин (VIII чакырылыштагы) кезексиз XXXХV сессиясы

ТОКТОМ кылат:

1.Көк-Жаңгак шаардык аймагынын шаардык Кеңеши төмөнкүдөй болуп өзгөртүлсүн:

Мекеменин толук фирмалык аталышы

- Мамлекеттик тилде “ Көк-Жаңгак шаардык кеңеши”;

- Расмий тилде “ Кок-Жангакский городской кенеш”

2.Көк-Жаңгак шаардык кеңештин жобосу бекитилсин.

(Жобо 3 баракта тиркелет)

3.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Юстиция органдарында кайра каттоо жагы мекеменин жооптуу катчысы У.Карабаевага милдеттендирилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы:

 

 

З.Байдавлетов