АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Алга айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 3- сессиясы
2024-жылдын 18-апрели № 10/12
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Бүргөндү ОПХ айылына социалдык объект (аймактык милиция бөлүмүн) курууга 0,20 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери“ (социалдык объект) категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу” (трансформациялоо) жөнүндө 2013-жылдын 15-июлундагы №145-мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169-токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” убактылуу Жобонун талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13, 17-беренелерине жана Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын 2024-жылдын 9-февралындагы № 01-13/610 сандуу корутундусуна негиз, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү Бүргөндү ОПХ айылына социалдык объект (аймактык милиция бөлүмүн) курууга 0,20 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери“ (социалдык объект) категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Бүргөндү ОПХ айылындагы жалпы аянты 0,20 га жер (мурдакы Орозбеков совхозунун 1993-жылындагы №13992 контурларды эсептөө дело материалына) ылайык суралган жалпы аянты 0,20 га жер анын ичинен: №448-контурда жайгашкан 0,08 га жер аянты суу астындагы жер (коллектор), №446-контурда 0,12 га жер аянты жайыт жер, жалпы 0,20 га мамлекеттик менчиктеги жер аянтын социалдык объект (аймактык милиция бөлүмүн) куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” (социалдык объект) категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.( 2 баракта тиркемеси тиркелет)
2. Токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х. Досановго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү, архитектура-курулуш, транспорт жана экология, тоо кен байлыктары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | К.Машрапов |
|
|