АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Алга айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 3- сессиясы
2024-жылдын 18-апрели № 10/14
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Бүргөндү ОПХ айылындагы 0,20 га жер аянты “Калктуу конуштардын жерлери” (социалдык объект) категориясындагы жер тилкелеринин генералдык планын бекитип берүү жөнүндө
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Бүргөндү ОПХ айылындагы 0,20 га жер аянтынын генералдык планын бекитип берүү жөнүндөгү Х. Досановдун маселесин угуп жана талкуулап жана Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин жер комиссиясынын протоколдук чечимине негиз, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Бүргөндү ОПХ айылындагы 0,20 га жер аянты мамлекеттик менчиктеги жер аянтынан социалдык объектилерин куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” (социалдык объект) категориясына которулуп (трансформацияланып) жаткан жалпы 0,20 га жер аянтынын генералдык планы бекитилсин.
- Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Бүргөндү ОПХ айылындагы которулуп (транформацияланып) жаткан 0,20 га жер аянты муниципалдык менчикке алынып, мамлекеттик акт даярдалсын.
- Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткарылышы Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.Досановго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү, архитектура-курулуш, транспорт жана экология, тоо кен байлыктары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | К.Машрапов |
|
|