Редакцияот 18.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алга айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 3- сессиясы

 

2024-жылдын 18-апрели № 10/15

Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Кыштак айылынын түштүк тарабынан турак жай курууга 200,0 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери“ категориясына которууда (трансформациялоого) түзүлүүчү генералдык планга жер участокторунун чектик өлчөмдөрүн  көрсөтүү  жөнүндө

 

Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Кыштак айылынын түштүк тарабындагы 200,0 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Калктуу конуштар жерлери” категориясына которууда (трансформациялоодо) 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 сандуу Кыргыз-Республикасынын жер кодекси мыйзамынын 18-беренесинин 3-пунктуна негиз берилүүчү жер участокторунун чектик өлчөмдөрү жөнүндөгү Х. Досановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Кыштак айылынын түштүк тарабындагы 200,0 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Калктуу конуштар жерлери” категориясына которууда (трансформациялоодо) 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 сандуу Кыргыз-Республикасынын жер кодекси мыйзамынын 18-беренесинин 3-пунктуна негиз берилүүчү жер участокторунун чектик өлчөмдөрүн 0,12 га жер аянтынан берүү жагы бекитилсин.

2.     Токтомдун мыйзам чегинде аткарылышы Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы  Х.Досановго тапшырылсын.

3.     Көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү, архиткетура-курулуш, транспорт жана экология, тоо кен байлыктары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Тѳрага

К.Машрапов