АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Алга айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 3- сессиясы
2024-жылдын 19-апрели № 10/16
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Кыштак жана Алга айылдарындагы жер аянттарын которууда(трансформациялоодо) алынуучу корутундуларга жана даярдалуучу генералдык пландын чыгымы жөнүндө
Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Кыргыз-Кыштак айылындагы Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына, “Өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка багыттагы жерлери” категориясына жана “Социалдык объект” категориясына которууга (трансформациялоо) генералдык план түзүүгө жана мекемелерден корутунду алууга керектөөчү 1 200 000 (бир миллион эки жүз миң) сомдук акча каражатын бекитип берүү жөнүндөгү Молдо Нияз ай ыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Х. Досановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Молдо нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Кыштак айылынын түштүк тарабындагы 200,0 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууда, 2,50 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Калктуу конуштар жерлери” (социалдык объект) категориясына которууда, 50,0 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууда, Бүргөндү ПМК айылындагы 0,15 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” (социалдык объект) категориясына которууда ошондой эле Алга айылынын түштүк тарабындагы 60,0 га жер аянты “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууда генералдык план түзүүгө жана мекемелерден корутунду алууга керектөөчү 1 200 000 (бир миллион эки жүз миң) сомдук акча каражатын бекитип берилсин.
- Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х. Досановго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңештин Экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | К.Машрапов |
|
|