КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы
2024-жыл 5-апрель №16
“Жазгы талаачылык жумуштарына даярдыктардын жүрүшү, айыл чарба шаймандарынын техникалык абалы жөнүндө «МТС» муниципалдык ишканасынын жетекчисинин маалыматын угуу”
Каргалык айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары Үмөтбек уулу Абдыназардын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Каргалык айыл аймагы боюнча жазгы талаачылык жумуштарына карата даярдыктардын жүрүшү, айыл чарба шаймандарынын техникалык абалы жөнүндө “Каргалык МТС” муниципалдык ишканасынын жетекчисинин маалыматы угулгандыгы белгиленсин.
- Каргалык айыл аймагы боюнча айыл аймагындагы дыйкандарга үрөн, күйүүчү май тартылып келип жаткандыгы жана жазгы айдоо-себүү иштери өз маалында баштала тургандыгы белгиленсин.
- “Каргалык МТС” муниципалдык ишканасынын 2024-жылга карата талаа жумуштарын аткаруу боюнча коюлган тарифтери тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Жазгы талаачылык жумуштары аяктаганга чейин уюштуруучулук менен ыкчам иш алып баруу жагы “Каргалык МТС” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.С.Касымбековго милдеттендирилсин.
- Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.gov.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Т.Жарбашовго жүктөлсүн.
- Бул токтомду көзөмөлдөө “Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Баатырбек уулу Аскарга тапшырылсын
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.И. Токтоболотов |
| Бекитем Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы______________Т.И.Токтоболотов Каргалык айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясынын №16 токтомуна тиркеме 5- апрель 2024-жыл |
“Каргалык МТС” муниципалдык ишканасынын 2024- жылга карата талаа жумуштарын аткаруу боюнча коюлган тарифтик баалары
Аткарыла турган жумуштун түрлөрү | Техникалардын маркасы | Күйүүчү май 1 га | Кызмат көрсөтүүгө төлөнүүчү акы (сом м-н) |
Жаңы бузула турган жерлер (чым жерлер)
--//-- | Трактор МТЗ 1221
Трактор МТЗ 82.1 | 30 литр
25 литр | 1500
1500 |
Мурда айдалган жерлер үчүн
--//-- | Трактор МТЗ 1221
Трактор МТЗ 82.1
| 30 литр
25 литр | 1200
1200 |
Малалоо | Трактор МТЗ 82.1 | 10 литр | 600 |
Себүү | Трактор МТЗ 82.1 | 10 литр | 600 |
Чөп пресстөө баасы |
|
| 1 пресс 22 сом (жип, солярка ичинде) |
“Каргалык МТС” муниципалдык ишканасынын жетекчиси |
А.С. Касымбеков |