Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги ПЖ № 110 Жарлыгына)
Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысы жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо изденүүчүлөрдү тандоо, ошондой эле тандоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандарына Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысын ыйгаруу тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысы (мындан ары - Мамлекеттик сый акы) илимий ишмерлердин коомдун жана мамлекеттин алдында сиңирген эмгегин эң жогорку деңгээлде таануу формаларынын бири болуп саналат.
Мамлекеттик сый акылар Кыргыз Республикасынын жарандарына Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан үч жылда бир жолу ыйгарылат:
- Касым Тыныстанов атындагы мамлекеттик сый акы экиден ашык эмес;
- Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акы үчтөн ашык эмес.
Эгерде Мамлекеттик сый акыны изденип алууга көрсөтүлгөн иштердин арасынан татыктуулары табылбаса же изденүүчүлөрдүн саны Мамлекеттик сый акылардын санынан аз болсо, анда ошол жылы тиешелүү түрдө Мамлекеттик сый акы ыйгарылбайт же аз санда ыйгарылат.
3. Мамлекеттик сый акы бир адамга же үч адамдан ашык эмес сандагы адамдардын тобуна төмөнкүлөр үчүн ыйгарылат:
1) мамлекеттик тилди сактоого жана өнүктүрүүгө, статусун жогорулатууга өбөлгө түзгөн көрүнүктүү илимий эмгектер (илимдин бардык багыттары боюнча) - Касым Тыныстанов атындагы мамлекеттик сый акы;
2) ата мекендик илимди олуттуу түрдө байыткан жана табигый, техникалык, коомдук жана гуманитардык илимдерди өнүктүрүүгө, кыргыз илимин жана техникасын дүйнөдөгү алдыңкы жетишкендиктердин деңгээлине чыгуусуна олуттуу салым кошкон илимий изилдөөлөрдүн натыйжалары;
3) экономиканы жана социалдык чөйрөнү инновациялык өнүктүрүүнү, ошондой эле өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоону камсыз кылуучу жаңы техниканын жана прогрессивдүү технологиялардын үлгүлөрүн иштеп чыгуу;
4) мамлекеттик сырга таандык маалыматтарды камтыган экономиканын ар кандай тармактарындагы принциптүү жаңы буюмдарды, технологиялык процесстерди иштеп чыгуу жана түзүү.
4. Мамлекеттик сый акы "Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысынын лауреаты" төш белгисинен, ага тиешелүү күбөлүктөн жана акчалай сыйлыктан турат. Мамлекеттик сый акынын ар бир акчалай сыйлыгынын өлчөмү 1000000 (бир миллион) сомду түзөт, алар тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын "Мамлекеттик маанидеги чыгымдар" сметасы боюнча "Мамлекеттик сыйлыктар" эсеби боюнча каралган каражаттардын эсебинен төлөнөт.
Аталган төш белгинин жапа ага күбөлүктүн сыпатталышы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
5. Мамлекеттик сый акы жеке мүнөзгө ээ жана эреже катары бир изденүүчүгө ыйгарылат. Эгерде жетишкендикте чечүүчү роль бир нече адамга таандык болсо, Мамлекеттик сый акы үч адамдан ашпаган изденүүчүлөрдүн жамаатына ыйгарылышы мүмкүн.
Мындай учурда акчалай сыйлык ушул Жободо каралган тартипте бөлүштүрүлөт, ал эми төш белги жана ага күбөлүк лауреаттардын ар бирине тапшырылат.
Мамлекеттик сый акы бир адамга же адамдардын тобуна жаңы илимий эмгек үчүн бир жолудан ашык ыйгарылышы мүмкүн.
2-глава. Мамлекеттик сый акыны изденип алууга адамдарды (адамдардын тобун) көрсөтүүнүн тартиби
6. Ушул Жобонун 3, 7-11-пункттарында көрсөтүлгөн критерийлерге жана шарттарга ылайык келген адамды (адамдардын тобун) илим жана техниканы өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Мамлекеттик сый акыны изденип алууга көрсөтүү Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, илимий жана инженердик-техникалык коомдор, жогорку окуу жайлары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ойлоп табуучулар кеңеши, Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия (мындан ары - көрсөтүүчү субъекттер) тарабынан сунуштарды берүү жолу менен жүргүзүлөт.
7. Мамлекеттик сый акыны изденип алууга илимий эмгектери жетүү чектелген маалыматты камтыган адамдар (адамдардын тобу) көрсөтүлөт.
8. Эгерде илимий изилдөөнү аткаруу же иштеп чыгуу процессинде административдик же уюштуруучулук функцияларды гана жүзөгө ашырган, жоюлбаган соттуулугу бар адамды Мамлекеттик сый акыны изденип алууга көрсөтүүгө жол берилбейт.
9. Бир эле иш Мамлекеттик сый акыны изденип алууга бир гана жолу көрсөтүлөт.
10. Мамлекеттик тилдеги филология жана адабият таануу боюнча илимий эмгектерден тышкары, Мамлекеттик сый акыны изденип алууга көрсөтүлүүчү илимий эмгектер, автордун (кошо автордун) 3төн (үч) кем эмес статьясы Q3төн кем эмес квартилдеги жана/же РИНЦ ядродогу "Scopus", "Web of Science" эл аралык маалыматтар базасында индексациялануучу таанылган эл аралык илимий басылмаларда жарыяланууга, ал эми техниканын жаңы түрлөрү, техника жаатындагы илимий иштердин материалдары жана технологиялары беш жылдан кем эмес, ал эми гуманитардык үч жылдан кем эмес өндүрүштө өздөштүрүлүүгө тийиш.
11. Мамлекеттик сый акыны изденүүчүлөргө сунуштарды жана аларга тиркелген материалдарды берүүнүн мөөнөтү Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысы боюнча коомдук комиссия (мындан ары - Коомдук комиссия) тарабынан белгиленет.
Сунуштарды берүүнүн мөөнөттөрү, аларга, тиркелүүчү материалдарды тариздөөгө талаптар жөнүндө маалыматтар, ошондой эле сунуштарды кабыл алуу башталгандыгы жана аяктагандыгы жөнүндө кулактандыруулар сунуштарды кабыл алуу башталуучу датага чейин эки жумадан кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
12. Көрсөтүүчү субъекттер төмөнкү документтерди жөнөтөт:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин атына сунуш (автордук жамаатты көрсөтүүдө сунушта сунушталган ишти түзүүгө изденүүчүлөрдүн ар биринин катышуусу жөнүндө маалыматтар чагылдырылат);
2) изденүүчүнүн белгиленген үлгү боюнча толтурулган анкетасы;
3) сунушталган иштин аннотациясы;
4) паспорттун көчүрмөсү;
5) соттуулугунун жок экендиги жөнүндө маалымкат;
6) билими жөнүндө дипломдорунун, окумуштуулук даражасынын, эмгек китепчесинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
7) коллегиялык органдын токтомунан же чечиминен көчүрмө, изденүүчүнүн көрсөтүлүүчү ишин талкуулоонун протоколунун мөөр менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
8) жарыяланган илимий эмгектердин, изилдөөлөрдүн жана иштеп чыгуулардын тизмеси.