АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаттарынын VIII чакырылышынын кезектеги ХVI сессиясы
2024-жылдын 19-апрели №16-1
Бириктирилген Ат-Башы айыл аймагынын
чек арасын аныктоо жөнүндө
Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Ат-Башы айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасын карап чыгып жана талкуулап, көпчүлүк депутаттардын колдоосуна ээ болбогондугуна байланыштуу Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күн тартибиндеги “Бириктирилген Ат-Башы айыл аймагынын чек арасын аныктоо жөнүндөгү” маселе көпчүлүк депутаттардын колдоосуна алынбагандыгы белгиленсин.
Тѳрага | Э. Толубаев |
|
|