Редакцияот 22.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаттарынын VIII чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясы

 

2024-жылдын 22-апрели  №17-1

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин

кезексиз XVI сессиясында кабыл алынган 2024-жылдын 19-апрелиндеги №16-1 “Бириктирилген Ат-Башы айыл аймагынын чек арасын аныктоо жөнүндөгү” токтомун жокко чыгаруу жөнүндө

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6-июлундагы №3-1 токтому менен бекитилген Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентинин 17.8 пунктуна ылайык депутаттарды сессияга чакырууда материалдар алдын ала таратылбагандыктан Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин  кезексиз XVI сессиясы мыйзамсыз өткөрүлгөндүгүнө байланыштуу Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин  кезексиз XVI сессиясында кабыл алынган 2024-жылдын 22-апрелиндеги №16-1 “Бириктирилген Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин чек арасын аныктоо жөнүндөгү” токтому жокко чыгарылсын.

Тѳрага

Э. Толубаев