Редакцияот 22.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаттарынын VIII чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясы

 

2024-жылдын 22-апрели  №17-2

Бириктирилген Ат-Башы айыл аймагынын

чек арасын аныктоо жөнүндө

 

Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Ат-Башы айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасын карап чыгып жана талкуулап,  Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ат-Башы, Ак-Жар жана Ача-Кайыңды айыл аймактарын бириктирип, Ат-Башы айылын административдик борбор деп аныктоо менен Ат-Башы айыл аймагы түзүлгөндүгү белгиленсин;

 

2.  Бириктирилген Ат-Башы айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин;

 

3. Кабыл алынган чечимдер боюнча тиешелүү документтердин топтомун белгиленген тартипте райондук мамлекеттик администрацияга даярдап берүү Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге милдеттендирилсин.

 

 

 

Тѳрага

Э. Толубаев