АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаттарынын VIII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы
2024-жылдын 30-апрели №18-2
Ат-Башы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын жайыт комитетинин 2024-жылга карата ички тартип эрежелерин бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер, айыл чарбасы жана жайыт маселелери боюнча башкы адиси Р. Мүсүралиевдин берген маалыматынын жана сунушунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын жайыт комитетинин 2024-жылга карата ички тартип эрежелери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл аймагынын Ат-Башы, Ак-Жар, Ача-Кайыңды айылдарынын жайыт комитетинин төрагаларына жана Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер, айыл чарбасы жана жайыт маселелери боюнча башкы адиси Р. Мүсүралиевге милдеттендирилсин;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Р. Докоевге тапшырылсын.
Тѳрага | Э. Толубаев |
|
|
Ат-Башы айыл аймагынын кеңешинин 2024-жылдын 30-апрериндеги кезексиз ХVIII сессиясынын №18-2 токтомуна
1-тиркеме
Ат-Башы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын жайыт комитетинин
2024-жылга карата ички тартип эрежелери
1. Ат-Башы айыл аймагынын тургундары жайыт акыга ар бир баш кой-эчкиге 20 сомдон төлөсүн. Бодо малга 100 сомдон төлөсүн;
2. Жайыт акысы башка айыл өкмөттөрүнүн жайыттарына жайлап келсе дагы Ат-Башы айыл аймагынын муниципалдык ишканасына төлөнсүн;
3. Кыргыз Республикасынын башка региондорунан келген жарандарга жайыт акысы келишимдин негизинде белгиленсин;
4. Жайыт эсебиндеги жерлерди башка максаттарга пайдаланууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №515 токтонунун талаптарына ылайык иш алып барылсын;
5. Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамына ылайык жайыт жерлеринин кыртышын бузууга жол берилбесин;
6. Жайытты чөп чабынды катары колдонуп жаткан аянттын ар бир сотых аянтына 10 сомдон акы алынсын;
7. Келишим түзүлбөй жайыт жер аянттарын пайдаланып жаткан адамдарга мыйзам чегинде чара көрүлсүн;
8. Алыскы жайытка көчүү убагында графикте көрсөтүлгөнкөчүү мөөнөтүнөн кечигип, айдоо аянттарына, жайыттарга зыян келтирген мал ээлерине мыйзам чегинде айып акылар белгиленсин;
9. Ички жайыттарга 2024-жылдын 10-майынан калбай көчүрүлсүн;
10. 2024-жылдын 1-майынан тартып жазгы айдап-себүү жана күзгү ооруп-жыюу мезгилине чейинки аралыкта айыл өкмөт, жайыт кызматкерлери, жер пайдалануучулар менен биргеликте корук уюштурулсун;
11. Жайкысы сарайларга саап ичкенге 1(бир) баш уй жана мингенге 1(бир) баш атка уруксат берилсин;
12. Жайкысын ички жайыттардан бир да малчы калбай алыскы жайыттарга көчүрүлсүн;
13. Алыскы жана ортоңку жайыттарга белгиленген жана эскертилген убакта ортоңку жана алыскы жайлоолорго көчпөстөн, малдары айдоо жерлерге кирген мал ээлерине жана эрте көчүп келген малчыларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүлсүн;
14. Айыл өкмөтүнүн ички тартип эрежелерин бузуп, алыскы жайытка малын көчүрбөстөн корук учурунда камакка түшүп, тиешелүү актылар түзүлгөн малдар үчүн төмөндөгүдөй айып пулдар бекитилсин;
-1 баш бодо малга 1000 (бир миң)сом.
-1 баш кой, эчкиге 100 (бир жүз)сом.
15. Келишимдин негизинде пайдаланууга берилген жайыт жерлеринин айланасын тосууга тыюу салынсын;
16. Жайлоодон көчүп келүү дыйкандардын ооруп-жыюу иштери бүткөндөн кийин уруксат берилсин;
17. Ушул ички тартип эрежелерин бузган жарандарга мыйзамга ылайык чара көрүү жагы Ат-Башы айыл аймагынын Аксакалдар сотуна милдеттендирилсин.