АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаттарынын VIII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы
2024-жылдын 30-апрели №18-3
“Акжар-Сезими” бала бакчасынын жана №1 К. Тыналиев атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму” мекемесинин 3 айга балдардын тамак-ашына төлөнүүчү төлөмдү бекитип берүү жөнүндөгү кайрылуу катын кароо жөнүндө
“Акжар-Сезими” бала бакчасынын директору С. Пазылахунованынсунушунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Акжар-Сезими” бала бакчасынын жана №1 К. Тыналиев атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму” мекемесинин 3 айга балдардын тамак-ашына төлөнүүчү төлөмдү бекитип берүү жөнүндөгү кайрылуу катын кароо жөнүндөгү маселе кароосуз калтырылсын;
2. Көпчүлүк ата-энелердин сунуштарынын негизинде Ат-Башы айыл аймагында жайгашкан бала бакчалардын жыл бою үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылып берүү боюнча Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Э.Абдыкадыровго кайрылуу кат жөнөтүлсүн;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Тѳрага | Э. Толубаев |
|
|