АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаттарынын VIII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы
2024-жылдын 30-апрели №18-4
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6-октябрындагы “Ат-Башы айыл аймагынын калктуу конуштарынын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын базалык ченемдерин бекитүү жөнүндөгү” № 7-4 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
“Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын директору К. Кулуевдинсунушун угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6-октябрындагы “Ат-Башы айыл аймагынын калктуу конуштарынын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын базалык ченемдерин бекитүү жөнүндөгү” №7-4 токтомунатөмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1.2-пункту жараксыз деп табылып, төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
Ат-Башы айыл аймагынын Ат-Башы, Ак-Жар, Ача-Кайыңды айылдарында жайгашкан мекеме-ишканалардын ар бир кызматкерине же жумушчусуна 100 сомдон жылына жана жеке ишкерлер, ишкерлик менен алектенген юридикалык жактар жылына 100 сомдон жылдын 30-октябрына чейин төлөшсүн;
2. 4-пунктагы “ай сайын” деген сөздөр “жылына” деген сөз менен алмаштырылсын;
3. 5-пунктагы “башкы бухгалтерине” деген сөздөр “финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
Тѳрага | Э. Толубаев |
|
|