Редакцияот 30.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаттарынын VIII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы

 

2024-жылдын 30-апрели  №18-6

Салыктык эмес жыйымдарды чогултууда көмөк көрсөткөн квартал башчыларына айына чогултулган сумманын эсебинен 10 % бөлүп, сый акы катары төлөп берүү жөнүндө

 

Салыктык эмес жыйымдарды чогултууда көмөк көрсөткөн квартал башчыларына айына чогултулган сумманын эсебинен 10 % бөлүп, сый акы катары төлөп берүү жөнүндөгү “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын директору К. Кулуевдинсунушунун негизинде  Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

       

1.    Салыктык эмес жыйымдарды чогултууда көмөк көрсөткөн квартал башчыларына айына чогултулган сумманын эсебинен 10 % бөлүп, сый акы катары төлөнүп берилсин;

 

2.  Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын директору К. Кулуевге милдеттендирилсин.

Тѳрага

Э. Толубаев