БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Багыш айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XХVIII-сессиясынын
2024-жыл 19-февраль №2
“Багыш айыл өкмөтүнүн жергиликтуу бюджетинин
1-январь 2024-жылга расчеттук счеттогу
калдык акча каражатын бекитуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Финансы министирлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Бюджеттик жылдын ичинде жергиликтүү бюджеттерде, бюджетти аткаруу процессинде алынган кошумча кирешелерди жана жүргүзүлгѳн чыгымдардын үнѳмдѳлгѳн суммаларын пайдалануу тартиби жѳнүндѳ методикалык кѳрсѳтмѳ» токтомунун долбооруна ылайык, 2024-жылдын 1-январына калган 6935,4 мин сомдук калдыкты бѳлүштүрүү жана каржылоо жѳнүндѳ финансы-экономика бѳлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Р.Батировдун сунушун угуп жана талкуулап Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын 12.02.2024-жылдагы №1 протоколдук чечимин жетекчиликке алып, Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:
- Мамлекеттик сатып алуулар мыйзамына ылайык Багыш айыл өкмөтүнүн 2024-жылы
мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыя берилип, келишим түзүлүп каржыланбай калган келишимдерди каржылоого тѳмѳндѳгүдѳй жумшалсын:
- Жалал-Абад жерге жайгаштыруу экспедициясынын кызматына - 32,5 миң сом;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясына окууту кызматына - 19,8 миң сом;
- Сузак райондук мамлекеттик архитектурасынын кызматына - 37,0 миң сом;
- Жалал-Абад облустук мамлекеттик Архивине иш кагаздарын тапшыруу үчүн 60,0 миң сом;
- Жоопкерчилиги чектелген коом “МК ПРОЕКТ” ишканасына Анарбаев кѳчѳсүнѳ долбоор жасоо кызматына - 69,0 миң сом;
- Жоопкерчилиги чектелген коом “Нурайым ЛТД” ишканасына Жаанбаев кѳчѳсүн шагыл тѳшѳѳ кызматына - 91,6 миң сом;
- Жоопкерчилиги чектелген коом “Ак мээнет Курулуш” ишканасына Зарипбеков кѳчѳсүн шагыл тѳшѳѳ кызматына 46,0 миң сом;
- Кѳк-Жаңгактан түшкѳн суунун алышын оңдоого -35,1 миң сом;
- Жеке ишкер “Аскарова Г. М.” Токтомбетов кѳчѳсүнѳ электр зым тартууга -132,8 миң сом;
- Жоопкерчилиги чектелген коом “Эйр Кут” Таалимтай бала бакчанын чатырын жабууга - 27,6 миң сом.
- 2023-жылда аткарылып, төлөнбөй калган жумуштарды каржылоо үчүн: 4689,0 миң сом :
-Токтогул кѳчѳсүнѳ асфальт тѳшѳѳгѳ -1024,0 миң сом;
- Умаркулов кѳчѳсүнѳ асфальт тѳшѳѳгѳ - 147,0 миң сом;
- Кадыркулов кѳчѳсүнѳ асфальт тѳшѳѳгѳ -2034,0 миң сом;
- Т.Момунов кѳчѳсүнѳ асфальт тѳшѳѳгѳ -1234,0 миң сом;
- Токтогул кѳчѳсүнѳ асфальт тѳшѳѳгѳ -250,0 миң сом.
- 2024-жылы аткарыла турган жумуштарга 1695,0 миң сом:
- Н.Карыбеков атындагы спорт залга баруучу жолго асфальт тѳшѳѳгѳ -1000,0 миң
сом;
- Эсеп палатасынын актысынын негизинде кайтаруу - 165,0 мин сом;
- Турак жай бѳлүмүнүн уюштуруу иштерине -400,0 мин сом;
- Ѳзгѳчѳ кырдаалдар боюнча иш чараларына -100,0 миң сом;
- Муниципалдык кызматкерлердин күнүнѳ -20,0 миң сом;
- Милиция күнүнѳ - 10,0 миң сом.
- Бюджеттин бекитилген планына ѳзгѳртүү киргизүү Кыргыз Республикасынын
Финансы Министрлигинин Сузак Финансы башкармалыгынан суралсын.
- Токтомдун аткарылышы Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Финансы-экономика бѳлүмүнѳ
милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Багыш айылдык кеңешинин бюджет,
каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Ташболотовго жүктөлсүн.
- Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция
органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага: | Ж.Сейдахматов |