КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы
2024-жыл 5-апрель №18
“Каргалык айыл өкмөтүнүн Казарман айылынын инфраструктурасын, санитардык абалын жакшыртуу, көчөлөрдү иретке келтирүү жана жашылдандыруу, көрктөндүрүү боюнча “Мыктылар - 2024” сынагынын Жобосун бекитүү жөнүндө”
Каргалык айылдык кеңешинин «Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымы Мамырова Каныш Мөкүшовнанын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Каргалык айыл өкмөтүнүн Казарман айылынын инфраструктурасын, санитардык абалын жакшыртуу, көчөлөрдү иретке келтирүү жана жашылдандыруу, көрктөндүрүү боюнча “Мыктылар - 2024” сынагынын Жобосу бекитилсин.
- Жобонун негизинде иш-чара түзүп, иш аракеттерди жүргүзүү жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Т.Жарбашовго милдеттендирилсин.
- Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акуновага милдеттендирилсин.
- Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.gov.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Бул токтомду көзөмөлдөө «Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымы К.Мамыровага милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы:
| Т.И. Токтоболотов |