Редакцияот 19.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Багыш айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XХVIII-сессиясынын

2024-жыл 19-февраль №3

 

“Багыш айыл өкмөтүнүн

2024-жылдын 1-январына карата атайын каражаттардан калган

калдыктарды бөлүштүрүү жөнүндө”

Багыш айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу У.Жолборсовдун кайрылуусун, Багыш айыл ѳкмѳтүнүн аймагында жайгашкан мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ата-энелер комитетинин протоколдук чечимдеринин угуп, талкуулап жана Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын 12.02.2024-жылдагы №3 протоколдук чечимин жетекчиликке алып, Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Багыш айыл өкмөтүнүн атайын каражаттар эсеп счетунда 2024-жылдын 01-

январына карата 2078,5 миң сом калдык калган. Багыш айыл ѳкмѳтүндѳ 2024-жылда аткарылбай калган жумуштарды аткаруу максатында тѳмѳндѳгүдѳй бѳлүнсүн:

 

70111- Башкаруу бѳлүмүнѳ:

              

                - Канцелярдык товар алууга           (3112)   -    2,5 миң сом;

                - Элдик салым(кайтаруу)                (3112)   - 757,8 миң сом;

Бардыгы: -760,3 миң сом.

 

            70911-Мектепке чейинки билим берүү мекемелерине:

 

                - Тамак-аш азыктулугун алууга     (2218)  -1015,4 миң сом;

2.1.  “Кун-Нуру” бала бакчасына       (2221)    -302,8 миң сом;

         

Бардыгы: - 1318,2 миң сом;

 

Бардыгы: 2078,5 миң сом акча каражаты бюджеттик классификацияга бекитилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышы Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Финансы-экономика бѳлүмүнѳ

милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Багыш кеңешинин бюджет, каржы,

муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Ташболотовго жүктөлсүн.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Багыш айылдык кеңешинин бюджет,

каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Ташболотовго жүктөлсүн.

  1. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция

органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

 

 

Төрага:

Ж.Сейдахматов