Редакцияот 05.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каргалык айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы

 

2024-жыл 5-апрель №19

 

“Каргалык айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 01-апрелиндеги № 01-7/281чыгыш сандуу катын кароо жөнүндө (зоналдык коэффициент тууралуу)”

Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,

Каргалык айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Жергиликтүү бюджетке түшө турган мүлк салыктарды көбөйтүү максатында жана Каргалык, Сары-Булуң айыл аймагынын айыл өкмөттөрү бириккендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 398, 404-беренелерине ылайык, 2024-жылга карата Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагында Кз - зоналдык коэффициенттери төмөндөгүдөй өлчөмдө белгиленсин:

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 398-беренесине ылайык,

-үй жанындагы короо жай жана багбанчылык-чарба жер участогу үчүн - 1,5 өлчөмүндө белгиленсин.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 404-беренесине ылайык,

-калктуу конуштун жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн,

зоналдык коэффициент - 1,8 өлчөмүндө белгиленсин.

2.  Каргалык айыл аймагында юридикалык жактарга Кз - зоналдык коэффициенттерине эсеп жүргүзүү Тогуз-Торо райондук мамлекеттик салык мекемесине тапшырылсын.

3.  Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.gov.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акуновага милдеттендирилсин.

5.       Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевге жүктөлсүн.

 

 

Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы:

Т.И. Токтоболотов