Редакцияот 19.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Багыш айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XХVIII-сессиясынын

2024-жыл 19-февраль №4

 

«Багыш айыл аймагынын Багыш айылдык

кеңеши» мекемесин түзүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 "Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саны жөнүндө" токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Багыш айылдык кенеши токтом кылат:

1. «Багыш айыл аймагынын Багыш айылдык кеңеши» мекемеси жана «Ленин айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемеси бириктирүү жолу менен «Багыш айыл аймагынын Багыш айылдык кеңеши» мекемеси болуп кайра түзүлсүн.

Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

-Мамлекеттик тилде: «Багыш айыл аймагынын Багыш айылдык кеңеши» мекемеси.

- Расмий тилде: Учреждение "Багышский айылный кенеш Багышского айылного аймака"

Кыскартылган фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: « Багыш айыл аймагынын Багыш айылдык кенеши» М-и.

- Расмий тилде: У-е "Багышский айылный кенеш Багышского айылного аймака".

2. «Багыш айылдык аймагынын Багыш айылдык кенеши» мекемесине өткөрүп берүү актысы бекитилсин (тиркеме тиркелет).

3.  «Багыш айыл аймагынын Багыш айылдык кенеши» мекемесинин Жобосу бекитилсин. (Жобо тиркелет).

4. «Багыш айыл аймагынын Багыш айылдык кенеши» мекемесинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Сузак району, Октябрь айылы, К.Калдыбаев кѳчѳсү №60 болуп аныкталсын.

5. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

6.Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.

7. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү ѳзүмѳ калтырам.

 

8.Токтом расмий жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон

өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

         

 

 

Төрага:

Ж.Сейдахматов