Редакцияот 05.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каргалык айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы

 

2024-жыл 5-апрель №21

 

“Каргалык, Сары-Булуң айыл өкмөттөрү бириккенден кийинки Каргалык айыл өкмөтүнүн аппаратынын штат бирдигин кароо жөнүндө”

 

          Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,

Каргалык айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 07.02.2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндөгү” №52 Токтомуна ылайык, Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппаратынын штаттык бирдигинин түзүмү бекитилсин (тиркеме тиркелет)
  2. Каргалык айыл өкмөтүнө караштуу башкаруу тармагынын 2024-жылга карата муниципалдык кызматкер 11 (он бир) штаттык бирдик түзүмү, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдар 4 (төрт), Каргалык айылдык кеңешинин жооптуу катчысы 1 (бир), экономист-статист ыйгарым-укуктуу 1(бир), контрактык негизде 6 (алты) штаттык бирдик түзүмү бекитилсин.
  3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
  4. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акуновага жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Э.Өзүкановага милдеттендирилсин.
  5. Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевге тапшырылсын.

 

 

Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы:

Т.И. Токтоболотов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бекитем

Каргалык айылдык кеңешинин

төрагасы________________Т.И.Токтоболотов кеңешинин кезектеги

IV сессиясынын №21 токтомуна тиркеме

05.04.2024-жыл

 

Каргалык айыл өкмөтүнүн аппаратынын 02.04.2024-жылга карата штаттык бирдиги

  1. Айыл өкмөтүнүн башчысы- 1
  2. Башчынын орун басары- жооптуу катчы- 1
  3. Бөлүм башчы - 1
  4. Башкы адис -                                                                   3
  5. Жетектөөчү адис- 3
  6. Адис- 2

Баары-                                                                                   11

  1. Техникалык жана кенже тейлөөчү персонал- 4

 Жалпы 15

 

 

 

Бюджет комитетинин төрагасы Н.Дуйшөбаев

Каргалык а/ө башчысы З.Акунова

Бөлүм башчы Г.Өзүканова

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бекитем

Каргалык айылдык кеңешинин

төрагасы________________Т.И.Токтоболотов кеңешинин кезектеги

IV сессиясынын №21 токтомуна тиркеме

05.04.2024-жыл

 

Каргалык айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын 02.04.2024-жылга карата штаттык бирдиги

 

  1. Жооптуу катчы- 1

Жалпы 1

 

 

 

Бюджет комитетинин төрагасы Н.Дуйшөбаев

Каргалык а/ө башчысы З.Акунова

Бөлүм башчы Г.Өзүканова

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бекитем

Каргалык айылдык кеңешинин

төрагасы________________Т.И.Токтоболотов кеңешинин кезектеги

IV сессиясынын №21 токтомуна тиркеме

05.04.2024-жыл

 

Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 02.04.2024-жылга карата экономист-статист кызматын берүү боюнча ыйгарым укуктуу штаттык бирдиги

 

Жетектөөчү адис (экономист-статист) 1

Жалпы 1

 

 

Бюджет комитетинин төрагасы Н.Дуйшөбаев

Каргалык а/ө башчысы З.Акунова

Бөлүм башчы Г.Өзүканова

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бекитем

Каргалык айылдык кеңешинин

төрагасы________________Т.И.Токтоболотов кеңешинин кезектеги

IV сессиясынын №21 токтомуна тиркеме

05.04.2024-жыл

 

Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 02.04.2024-жылга карата контракттык негизде (келишим) иштеген кызматкерлердин штаттык бирдиги

1.     Башкы адис - 5

2.     Жетектөөчү адис - 1

 

Жалпы 6

 

 

Бюджет комитетинин төрагасы Н.Дүйшөбаев

Каргалык а/ө башчысы З.Акунова

Бөлүм башчы Г.Өзүканова