Редакцияот 05.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каргалык айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы

 

2024-жыл 5-апрель №23

 

“Каргалык айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 04-апрелиндеги № 01-7/281чыгыш сандуу катын кароо жөнүндө (беренеден беренеге жылдыруу)”

 

          Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,

Каргалык айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин аппарат тармагынан каралган Казарман, Чет-Булак айылдарын жарыктандырууга 3111-курулмаларды куруу беренесинен каралган 1000,0 миң сом, өздүк салым 3111-курулмаларды куруу беренесинен -700,0 миң сом, бардыгы болуп - 1700,0 миң сом “Таза кызмат” муниципалдык ишканасына 2511- субсидии беренесине жылдырылып берилсин.
  2. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
  3. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акуновага жана ФЭБ башчысы Г.Өзүкановага милдеттендирилсин.
  4. Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевге тапшырылсын.

 

Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы:

Т.И. Токтоболотов